7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ынтымак-Ордодо» президенттик аппараттын жыйыны өтүүдө

335

«Ынтымак-Ордодо» Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги менен президенттин администрациясынын коллегиясы өтүүдө.

Кеңешменин күн тартибинде 4 маселе коюлган. Минкаб төрагасы коллегиянын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын ишине баа берилип, сындар айтылаарын билдирди.

«Өлкөдөгү экономикалык, инфраструктуралык жана социалдык өзгөрүүлөр мамлекет өнүгүү жолунда баратканын тастыктап турат. Биздин эл өнүгүүнүн дал ушундай темптерин күткөн. Мунун баары-өлкө президентинин күчтүү саясатынын натыйжасы. Коллегия-бул башкаруу аянтчасы, ал мамлекеттик башкаруунун динамикасын дагы бир жолу сын көз менен талдоого жана биздин мындан аркы стратегиялык багыттарыбызды аныктоого мүмкүндүк берет», — деди Касымалиев.

Алгач, президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов баяндама жасап, инфраструктура жана аймактык өнүгүү, өнөр жай жана индустриялаштыруу саясаты, айыл чарба жана азык түлүк коопсуздугу маселелери тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле 2024-жылга мамлекеттик органдар тарабынан бекитилген иш-чаралар планынын аткарылышы, анданы кемчиликтер тууралуу маалыматтар берилүүдө.

336