7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ырчы Бегимай Бекбоева каза болду

1328

Бүгүн, 17-январда Бегимай Бекбоева 32 жашында жүрөк оорусунан каза болду. Бул тууралуу Дайыр Исмадияров фейсбук баракчасына жазып чыкты. Ырчынын артында 3 жашар баласы калды.

Бегимай Бекбоева 1990-жылы 27-февралда Нарында туулган. Атасы обончу, аткаруучу Токторбек Бекбоев, апасы куудул жана актриса Жаңыл Кудайбергенова.

Бегимай Бекбоева эң биринчи жолу сахнага «Эх, байке» ыры менен чыккан. 2019-жылы ал башынан шишик алдырып, операция жасатканын айткан. 2020-жылы ырчы айым уулдуу болуп, аны өзү тарбиялап келчү.

Жетинчи каналдын жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1329