7 каналдын «Чай үстүндө сырдашуу» берүүсүнүн коногу ырчы айым Гүланда сахнадагы кызыктуу учурлары менен бөлүшүп маек курду.
«Мындан көп жыл мурун болгон бир окуяны айтып берейин. Кайсыл айыл экенин эстей албай жатам, бир айылга барып жеке концерт коюп калдык. Анан сүйлөшүп жатып, бул айыл аябай тентек келет, ырчылар келгенде машиналарын талкалап ызы-чуу кылат деген сөздөр болуп калды. Чындыгында корктум…Концерт сырттагы сахнада башталды. Биз жакшы маанайда баштап, ырдап жаканбыз. Бир маалда Айбекти карап ырдап жатсам эле маңдайынан кан келип жатат. Көрсө таш менен чекеге урган экен. Мен аны көрүп таң калып, Айбек концертти токтоткула деди… Ызы-чуу болуп баштадык, эгер мени урса эмне кылмак элем. Ошентип, Айбек эки-үч ыр ырдап концертти бүтүргөн.