Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу эртең, 17-сентябрда Спорт ордосунда өтө турган жеке концертин убактылуу токтотту. Бул тууралуу соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
«Жагымсыз кабар жүрөк өйүп турган кези… Концертти бир аз убакытка жылдырууга аргасыз болуп турам. Элиме каргашалуу окуя күтүүсүз келип турса кантип ырдайм? Ылайым эртерээк абал турукташып кетсин! Бийликтин буйругу менен Спорт Ордосу бүгүндөн тарта Баткен элине Гуманитардык жардам чогултуучу пункт болуп жарыяланды. Жардам берем дегендер , дал ушул жерге алып келе бериңиздер. Октон качып талаада жүргөн мекендештерибизге колубуздан келген жардамыбызды берели. Ал эми билет сатып алган угармандарым, сиздер да туура түшүнүп бир аз күтө турасыздар деген ойдомун. Абал турукташса, элимде тынчтык эртерээк орносо , алты айдан бери даярданып жаткан концертти сөзсүз беребиз…Урматым менен Гульназ Чыныбек кызы. Элибизде тынчтык орносун!»,-деген ал.
Эскерте кетсек, учурда чек арадагы абал курч бойдон калууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram