Ысык-Ата эс алуучу жайында чыр чыгып, эки киши жараат алды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-майда Ысык-Ата РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Ысык-Ата эс алуучу жайы тарабында чыр-чатак болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Териштирүү учурунда, бир нече эркек кишинин ортосунда уруш чыгып, алардын ичинен эки жаран дене жаракаттарынан улам Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине кайрылган. Жогорудагы ызы-чуунун катышуучуларынын арасында Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери болгону маалым болгон.
Эске салсак, окуянын келип чыгуу себептерин териштирүү иштери жүргүзүлүп, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.