Ысык-Атада мал уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 3-ноябрь күнү 1973-жылы туулган М.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрынан 25-ноябрга караган түнү анын эки баш бодо малын белгисиз бирөө уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, буга чейин соттолгон 1999-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Уурдалган малдар ээсине кайтарылып берилип, кармалган жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.