7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атада сууга секирип каза болгон 74 жаштагы аялдын каты суу жээгинен табылды

7739

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 74 жаштагы аял өз өмүрүнө кол салып каза болду. Бул тууралуу жегиликтүү маалымат булактары аймактагы айыл тургундарына шилтеме берип жазып чыгышууда.

Ал Кең-Булун айыл аймагына караштуу Чолпон айылынын 74 жаштагы тургуну Г.Ж. болгон. 27-августта өмүрүн кыюу үчүн сууга секирген.

«Үйүндө бир аз таарынышуу болсо керек. Айтор, Чолпон айылынын жанындагы суу жээгине кийимин чечип, кат таштап кеткен экен. Ошол кат аркылуу жакындары куткаруучуларды чакырды. Ысык-Ата районунда суучулдар жок болгондуктан, Токмок шаарынан чакыртышкан экен. Алар Чолпон айылынан өткөн суудан аялды таппай коюшту. Ошол күнү эле суу жээктеп жүрүп, Красная-Речка айылынан өткөн суудан жансыз денесин табышты», — деди алар.

ӨКМдин басма сөз кызматы окуяны тастыктады.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

7740