7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көл жээгинде «Ак- куу көлү» балети көрсөтүлдү

556

Күн мурун, 25-июлда Чолпон-Ата шаарында биринчи жолу Петр Чайковскийдин «Ак-куу көлү» балети көрүүчүлөргө тартууланды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий борборунун сахнасында Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын чыгармачыл курамы өз өнөрүн тартуулады.

Маданий иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, Гнесин атындагы Россия музыка академиясынын ректору Александр Рыжинский жана аталган окуу жайдын профессор-окутуучулары, Жогорку Кеңештин депутаты, бир катар көрүнүктүү маданият ишмерлери, эс алуучулар жана Чолпон-Ата шаарынын тургундары катышты.

Аталган жайкы мектеп көл жээгинде 29-июлга чейин уланат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

557