Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан 2 га (жарым арал) аянттагы жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдайт.
Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүдө, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен Ысык-Көл райондук сотунун чечиминин негизинде «Кадастр» Мамлекеттик мекемесинин Ысык-Көл райондук филиалы тарабынан 2014-жылдын 3-ноябрында Ысык-Көл районунун Бает айылында жайгашкан 2 га жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө С.К. аттуу жеке адамга убактылуу пайдалануу үчүн мамлекеттик акты берилгендиги аныкталган.
2020-жылдын 11-августунда райондук прокуратура тарабынан аталган соттун чечимине карата аппеляциялык сунуш келтирилип, ал толук көлөмдө канааттандырылган.
2021-жылдын 2-мартында орун алган мыйзам бузууну 31 000 000 сомго бааланган жогорудагы жер тилкени мамлекеттин менчигине кайтаруу менен жоюп, жерди баштапкы абалына келтирүү максатында Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына прокурордук талап келтирилген.
Бүгүнкү күндө жогоруда аталган жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылып, белгиленген тартипте мурунку менчик ээсинин пайдалануу укугу токтотулду.