7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө COVID-19га каршы вакцинасын жети жерден алып жатышат (ТИЗМЕ)

656

Ысык-Көлдө COVID-19 илдетине каршы  вакцинасын жети жерден алып жатышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун жашоочулары коронавируска каршы вакцинаны үч шаардан жана төрт райондон ала алышат.

Ысык-Көл облусунда убактылуу жети пункт уюштурулган:

  • Каракол шаарындагы облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Балыкчы шаарындагы «Ысык-Көл» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
  • Түп райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Чолпон-Ата шаарындагы жалпы дарыгерлик практика борбору;
  • Тоң районундагы жалпы дарыгерлик практика борбору;
  • Жети-Өгүз районундагы жалпы дарыгерлик практика борбору.

Эскерте кетсек, акыркы суткада облуста коронавирусту 28 киши жуктуруп, 22 адам айыкты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

657