7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө эпидемиологиялык абал турукташып, кызыл зоналар жабылды

273

Ысык-Көл облусунун үч райондук ооруканаларында «кызыл зоналар» жабылып, 11-январдан баштап мектептерди жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ачуу пландалууда. Бул тууралуу Каракол шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун директорунун орун басары Күлүшкан Тайлакова билдирди.


Ал аймактык штабдын чечими эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу экендигин белгиледи.


«Мектептердин оффлайн режимине өтүүсү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу. Учурда COVID-19 оорусун жуктуруп алгандардын, ошондой эле бейтаптардын саны азайды. Буга чейин Жети-Өгүз, Ананьев, Тоң райондук ооруканаларындагы жалпы медициналык практика борборлорундагы «кызыл зоналар» жабылган. Ал үчүн бардык санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди сактоо керек. Бала бакчалар топтордогу балдардын саны боюнча ченемдик эрежелерди сакташы керек», — деди Тайлакова.


Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо министрликтеринде тиешелүү буйрук чыккандан кийин жогорку окуу жайлары, колледждер жана орто атайын окуу жайлары кадимкидей иштей баштай тургандыгын баса белгиледи. Учурда мектеп окуучулары кышкы каникулда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

274