7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө менчиктештирилип кеткен 100 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

1009

Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан баасы 100 млн сомдон ашкан 10 га жер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөтүнүн 1999-жылдын 31-мартындагы токтому менен Кара-Ой айылындагы «Каухар» пансионатына жакын жайгашкан 10 га жер тилкеси мыйзам бузуу жолу менен Ш.Э. аттуу жарандын жеке менчигине берилип кеткендиги аныкталган.

Мыйзамсыз берилген бул жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында, облустук прокуратура сот органдарына доо арыздар менен кайрылып, бардык соттук инстанциялар тарабынан алар канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мыйзамсыз менчикке берилип кеткен 101 млн 641 миң сомдук 10 га жер мамлекеттин балансына кабыл алынды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1010