7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдөн 22 миң кг таштанды, 143 миң метр тор чыгарылды

536

Суучулдар аба ырайынын бузулганына карабай көлдү тазалашты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-31-октябрь күндөрү суучулдар балыкчылардын эски жана жаңы торлорун чыгарышкан. Алар Түп районунун Ой-Тал, Жаркынбаев айылдарын жана Түп куймасынынын тушунда тазалоо иштерин жүргүзүп, балык кармоочу торлордон жана ар кандай таштандылардан арылтышкан.

“Тазалоонун 198-күнүндө көл аянтынын 549,75 гектарын тазалап, 3800 метр тор алып чыгарышты. Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен тазалоо башталгандан тарта суучулдар 352 642, 15 гектардан Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян келтирчү 22 456 кг ар кандай таштанды жана 143 000 метр тор тазалашкан” – деп айтылат маалыматта.

537