7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө шайлоо алдында элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

259

Президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдумга даярдык көрүү мезгилинде, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен биргеликте, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, милициянын көчмө кабылдамасы менен ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Акылбек Бекишев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн укук тартип жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Канагат Энтериев жер-жерлерде болушуп, эл менен болгон жолугушууда шайлоого даярдык көрүү учурунда.ички иштер органдарынын кызматкерлеринин коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз милдеттерин аткаруусундагы иш-аракеттеринин укуктук негиздерин кеңири түшүндүрүп беришти.


Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузууларга бөгөт коюу үчүн милиция кызматкерлери мыйзам чегинде кандай иш-аракеттерди жасай алаары жарандарга маалымдалды. Ошондой эле, шайлоочулардын укуктары, Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого жана референдумга даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө дагы кеӊири маалымат берилип кетти.


Ошондой эле алар жарандарга кайрылышып, эгерде алар шайлоо кампаниясынын учурунда кандайдыр бир мыйзам бузууларына күбө болуп калса, анда дароо облустун тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылышын суранып кетишти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

260