7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлгө чөккөн 4 жашар кыз табыла элек. Издөө уланып жатат

1016

Ысык-Көлдө сууга чөккөн 4 жашар кыз дагы желе табыла элек, издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Кечээ күнү, издөө иштерине ӨКМден жалпы 18 куткаруучу тартылган. Ошондой эле Ысык-Көл облусунун айыл өкмөт кызматкерлери, жергиликтүү тургундар куткаруучулар, суучулдар жана башка адистер менен бирге издешкен. Алар көл жээктерин карашып, көл астындагы торлорду алып чыгышып, кайыктар, катерлер менен көлдү кыдырышууда. Бирок издөө саат 18:00дө токтотулуп, натыйжа болгон эмес»,-деп айтылат маалыматта.

Издөө иштери бүгун да улантылууда.

Эскерте кетсек, 18-июль күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу төрт жаштагы кыз көлгө чөгүп кеткен.

Издөө иштерине жардам берүүнү каалагандар төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болот: 0(705) 60-37-04, 0(555) 99-56-26.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1017