Бүгүн «Балыкчы–Ананьево–Каракол» унаа жолунун 24-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter жана Mitsubishi үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Окуя саат 07:40 да катталганын, ӨКМ билдирди.
Кырсыктын кесептетинен жалпы 23 адам жабыркап, үчөө Балыкчы шаарынын ооруканасына жеткирилген.
Кабарлангандай, кырсык болгон жерге Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.