7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Залкарлардын урматына салтанаттуу иш-чара өттү

723

Каркыра жайлоосунда жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун жана артист Советбек Жумадыловдун мааракесине арналган салтанат болуп өттү.
Бүгүн, 23-июлда, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосунда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда чыгаан жазуучу, коомдук ишмер, Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгынын жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгынын урматына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Салтанат массалык майрамдоо, ар кыл көргөзмө жана бир катар аймактардын командалары катышкан ат чабыш, аламан, көк бөрү жана башкалар менен коштолду.

Иш-чаранын катышуучуларына Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы жөнүндө «Пейил» прологу жана Советбек Жумадыловдун жашоосу жөнүндө фильм көрсөтүлдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен актер Советбек Жумадыловдун чыгаан эмгегин, ошондой эле алардын Мекен үчүн кылган кызматын белгиледи.

Салтанат эстрада ырчыларынын аткаруусу жана Кыргызстан менен Казакстандын төкмө акындарынын айтышы менен уланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

724