Актёр Нуржаасын Жумагуловго ийгиликтүү операция жасалды. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасына жазып, жалпы элге ыраазычылык билдирген.
«Жараткан Аллага миң мертебе шүгүрлөр болсун! Сиздердин колдооңуздар менен ийгиликтүү болду. Баарыңыздардан Аллах ыраазы болсун! Рахмат»,- деп жазды актёр.
Эске салсак, Жумагулов 2 жылдан бери бөйрөк оорусу менен жабыркап келээрин айтып чыккан. Анда Кыргызстандагы дарыгерлер анын чет өлкөдөн тез арада бөйрөгүн алмаштыруу зарылдыгын айткандыгын кошумчалап коомчулуктан жардам сураган. Көп өтпөй кайрымдуу адамдардын жардамында керектүү каражат чогултулган.
Нуржаасын Жумагулов «Мегатой», «Миң бир түн», «Жетикс», «Напарниктер» жана башка кинолордо роль ойноп, спектаклдерде образ жараткан.
Актёрго жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
0709372919 — ЭЛСОМ
0709372919 — О! Деньги
0709372919 — МБанк
KICB 9417 4330 1210
BAKAI BANK 9417 5485 0739 0363