7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Заманбап искусство музейи менен келишим түзүп, 84 миң долларды алып качып кеткен

847

Даниянын Ольборг шаарында Йенс Хаанинг аттуу сүрөтчү Заманбап искусство музейи менен келишим түзүп, 84 миң долларды алып качып кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, заманбап искусство музейи сүрөтчү менен келишим түзгөн. Келишимдин шарты боюнча ал буга чейин өзү жараткан эки сүрөттү көргөзмө үчүн жаңы вариантта иштеп чыгып, чыныгы акчалар менен кооздошу керек болгон.

Бирок, сүрөтчү музейге акчалар менен кооздолгон сүрөттүн ордуна бош рамаларды жиберип, астына «Акчаны ал да кач» деп жазып койгон. Буга таң калган музей кызматкерлери сүрөтчү менен байланышканда, ал бул жоругу анын эмгегине аз акы төлөнгөнү үчүн жооп болгонун айткан.

«Акчаны алганымдын өзү эле искусство. Бул уурулук эмес, бул келишимди бузуу, ал эми келишимди бузуу — иштин бир бөлүгү. Эмгеги бааланбаган, оор шарттарда иштеген, керек болсо ишке баруу үчүн өз чөнтөгүнөн акча короткон адамдарды да ушундай жолго барууга чакырам. Акчаны алып качып кеткиле!», — деген Хаанинг.

Ошондой эле акчаны кайтарып берүү ою жок экенин айткан, ал эми музей анын бош рамаларын көргөзмөгө коюуну чечкен.

 

 

.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

848