7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган кыргыз-казак айтышы өтөт

2880

Заманыбыздын залкар төкмө акыны Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине арналган XV  эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунун төрагасы, төкмө акын  Асылбек Маратов билдирди.

«Салтка айлангандай эле быйыл дагы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, заманыбыздын залкары төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган XV  эл аралык «Айтыш-2022» сынагы болот. Адаттагыдай эле кош байге сайылып, жалпысынан байге фонду 3 000 000 (үч миллион) сомду түзөт. Аталган айтыш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры, Республикалык “Айтыш” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.  Тандоо туру 22-августта “Манас” кинотеатрында  саат 10:00дө башталат. Айтыштын жарым финалы жана финалдык бөлүгү 30-31-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында 18:00дө болот. Жалпы айтыш күйөрмандарын чакырабыз. Келип жан дүйнөңүздөргө жан азык алып кетиңиздер«,- дейт Маратов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2881