Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда 13 жашка чейинки балдар арасында футболдук мелдеш өтүүдө. Ага өлкөнүн 7 дубанынан келген жаш өспүрүмдөр катышып жатат.
Кыргыз Республикасынын Балдар футбол лигасы тарабынан уюштурулган мелдешке жалпысынан 8 команда катышып, алгачкылардан болуп оюн талаасында Жалал-Абад командасы менен Чүй командасынын оюнчулары беттешти.
Аталган футболдук мелдешти өткөрүүнүн максаты жаш өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөө менен футболду өнүктүрүү менен өспүрүмдөрдүн достугун бекемдөө болуп саналат дейт уюштуруучулар.
Эске салсак, оюндар 20-августка чейин уланып, жыйынтыгында жеңүүчү командага Кыргыз Республикасынын кубогу тапшырылат.