Сууда сүзүү боюнча кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Ислам тилектештик оюндарында 100 метр аралыкта сүзүп алтын медалга ээ болду. Петрашов буга чейин аталган оюнда 200 жана 50 метр аралыктарга сүзүп, коло медаль тагынган болчу.
Белгилей кетсек, учурда Түркияда Ислам шериктештик оюндары өтүүдө. Ага дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн келген 4 миңдей спортчу катышууда. Жалпысынан кыргыз спортчуларынын куржунунда учурда 21 медаль бар: сегиз алтын, алты күмүш жана жети коло. Аталган иш-чара 18-августка чейин өтөт.