7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбек жараны мыйзамсыз жол менен прекурсор затын өткөрүп жүргөн жеринен кармалды

725

Өзбек Республикасынын “П”. аттуу жараны кыргызстандын аймагына аткезчилик жолу менен мыйзамсыз прекурсор химиялык заттарын өткөрүп жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Пульгон айылынын Шар-Шара участкасында “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаадан 28 даана 20 литрлик желим идиште өзгөчө жыты бар, химиялык затка окшогон суюктукту Кадамжай районунун Халмион айылынын 40 жаштагы К.Б. жана 29 жаштагы И.И. аттуу жарандар Ош шаарына алып бара жаткан жеринен кармалган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында Өзбек Республикасынын 42 жаштагы М.П. аттуу тургуну менен Жалал-Абад облусунун 66 жаштагы А.К. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Алынган суюктукка соттук-химиялык экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусунда 682 кг прекурсор заты болуп аныкталды.

Учурда тергөө иштери бүтүп, кылмыш иши Кадамжай райондук сотуна жөнөтүлдү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

726