7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстан коррупциянерлерди мамлекеттик ишке жакындатпай турган мыйзам киргизүүдө

816

Өзбекстан коррупцияга айыпталган жарандарды, мамлекеттик кызматка албай туган болду. Бул тууралуу коңшу өкөнүн Юстиция министрлигине таянып, өзбек басылмалары жазууда.

Маалыматка ылайык, Президенттик указдын долбоору коомдук талкууга коюлган, пикирлер 8-июлга чейин кабыл алынат.

Долбоордо коррупционерлердин ачык электрондук реестрин жүргүзүү каралган. Ага коррупциялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жарандардын тизмеси киргизилет жана аларга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • мамлекеттик кызматка кирүү жана өкмөттүк сыйлыктарды алуу;
  • мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештердин жана ведомстволор аралык коллегиялык органдардын мүчөсү болууга;
  • мамлекеттик сатып алууларга ишкер катары катышуу ;
  • мамлекеттик үлүшү 50 пайыздан жогору болгон уюмдарда жана мамлекеттик билим берүү мекемелеринде жетекчи кызматтарды ээлөөгө.

Ал эми Кыргызстанда, коррупция менен күрөшүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Антикоррупциялык агенттик тарабынан жүрүзүлүп келген. Акыркы жылдары, айрыкча жыл башынан бери эле, ар эки күндүн биринде бир аткаминер же белгилүү бизнесменге иш козголуп, коомчулуктун алкышына алынган. Бирок, ишкер чөйрө, саясатчылардын коркуусу  күндөн-күнгө күчөп, нааразычылык байма-бай атылып жаткан.

Натыйжада, 23-июнь ишкерлер менен жолуккан Президент Садыр Жапаров, Актикоррупциялык агенттик жоюлаарын кабарлады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

817