7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнө 20 «Тез жардам» унаасын белекке берди

630
Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев бүгүн, 12-мартта Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркына бирге барышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Өзбекстанда өндүрүлгөн транспорт каражаттары менен тааныштырууда кыргыз тарапка 20 «Тез жардам» унаасы белек катары берилди.
«Бул технопарк жогорку технологиялуу, атаанташтыкка жөндөмдүү, экспортко ылайыкташкан жана импортту алмаштыруучу өндүрүштү түзүү милдеттерин иш жүзүнө ашырууга багытталган өнөр жай ишканалар тобун камтыйт.

Мамлекет башчылары технопарктын көргөзмө залына барышып, электромобилде өндүрүш цехтерин, Өзбекстанда өндүрүлгөн продукцияларды көрүп чыгышты.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев технопарктагы ишканалардын жетекчилери менен баарлашты. Алар мамлекет башчыларына гидроэнергетика, геологиялык чалгындоо, машина куруу жана башкалар жаатындагы инновациялык иштелмелер жана айыл чарба, текстиль өнүмдөрү тууралуу айтып беришти.

Өзбекстанда өндүрүлгөн транспорт каражаттары менен тааныштырууда кыргыз тарапка 20 «Тез жардам» унаасы белек катары берилди.
«Президент Садыр Жапаров «Яшнабад» технопаркынын ишинин маанисине токтолуп, анын мындан ары кеңейип, өнүгө беришин каалады«, — деп жазылат маалыматта.
631