7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандан келе турган 500 миң гүлдү отургузуу үчүн Бишкекке 100 багбан келет (ФОТО)

1028

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Өзбекстандын Наманган шаарында өткөн 61-эл аралык гүл фестивалына катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын жыйынтыгында Бишкекке 500 миң гүл тартуулоо келишими түзүлдү. Гүлдөрдү борборго отургузуу үчүн 100 багбан келет.

Ошондой эле, Бишкек шаары менен Наманган шаарынын ортосунда көрктөндүрүү жана жашылдандыруу тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Документтин алкагында тараптар көрктөндүрүү жана жашылдандыруу тармагында үзгүлтүксүз маалымат жана тажрыйба алмашууга көмөктөшүп, өз ара кызматташат.


Белгилей кетсек, фестиваль Наманганда 1961-жылдан бери өткөрүлүп келет жана Өзбекстандын гүл маданиятынын байлыгын чагылдырат.

Меймандарга гүлдүн 60 миңден ашык түрү көрсөтүлдү. Фестивалга карата жалпысынан 300 түрдөгү 16 миллион гүл отургузулду. Ошондой эле меймандар ар кандай гүлдөр менен кооздолгон автоунаалардын парадына күбө болушту.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1029