7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандан келген 14 тонна коон Кыргызстанга киргизилген жок

354

Өзбекстандан келген 14 тонна коон Кыргызстандын аймагына киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргыз-өзбек чек арасындагы «Кең-Сай» өткөрмө пунктунда Өзбекстандан Жалал-Абад облусуна бара жаткан жүк ташуучу унааны текшерүүдө фитосанитардык коркунучу жогору продукцияны ташууда мыйзам бузуу аныкталган.

Документтерди жана унааны текшерүү учурунда 14 тонна коон саман менен “төшөнчү” катары колдонулуп келген. Саман фитосанитардык коркунучу жогору карантинге алынган продукция болуп саналат жана ал кооптуу карантиндик отоо чөптөрдүн уруктары жок экенин тастыктаган фитосанитардык сертификатта билдирилиши керек.

Карантинге алынуучу продукциянын ар бир партиясын ташып келүүгө-алып чыгууга импорттоочу өлкөнүн карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык фитосанитардык сертификат болгон учурда жол берилет.

Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында карантинге алынуучу продукцияга жана карантинге алынуучу объекттерге коюлуучу бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталгандыгына байланыштуу карантиндик фитосанитардык контролдоо актысы түзүлгөн жана жүктү кайтарып берүүгө көрсөтмөлөр берилген.

Жыйынтыгында ветеринарлардын көзөмөлү астында мыйзам бузуу менен ташылып келген коондор Өзбекстанга кайтарылды.

Саман — амброзия, сойломо кекире, сары чырмоок сыяктуу карантиндик объектилерди ташуучу (булганышынын) булагы.

355