7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-өзбек чек арасындагы кагылышка айыпталган Сох анклавынын жарандары 12 жылга камалат

905

Өзбек прокуратурасы былтыр майдагы Сох окуясы үчүн айыпталган тогуз адамды 10 жыл эки айга эркинен ажыратууну сурады. Ал эми окуя боюнча айыпталган дагы 13 адамды алты жылга шарттуу түрдө соттоо сунушталды. 18-мартта Фергана облустук соту өкүм чыгарары күтүлүүдө.

Былтыр 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда булак талаштын айынан жаңжал чыккан. Чырдашкандарды тынчытуу үчүн Сохко барган Фергана облусунун ошол маалдагы акими Шухрат Ганиев жергиликтүүлөр менен жолугушуп жатканда пикир келишпестик жаралган. Аткаминердин орой мамилесине нааразы болгон анклавдагы айрым тургундар бийлик өкүлүн ташбараңга алууга аракет кылган.

Бул окуядан үч ай өткөн соң кылмыш иши козголуп, ондогон адамдар камакка алынган эле. Кыргызстандын аймагында анклав болуп жайгашкан Сох районунда 80 миңдей киши жашайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

906