7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жүргүнчүлөрдү мыйзамсыз ташыган айдоочуларга 41 миң 500 сом айып салынды

394

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы таң эрте “Сосновка” көзөмөл өткөрмө жайынан Бишкек-Ош багыты боюнча каттаган оор жүк ташуучу маршруттук унааларды текшерүүгө алышты.

Текшерүү учурунда оор жүк ташуучу маршруттук унаалар мыйзамсыз жабдууларды орнотуп, кошумча орундуктарды жана тапчандарды орнотуу менен жүргүнчүлөрдү жаткырып ташып жүргөндөрү аныкталган.

Жыйынтыгында эки саат ичинде мыйзамсыз жабдууларды орноткондугу жана жүргүнчүлөрдү мыйзамсыз ташыгандыгы үчүн 7 оор жүктөрдү ташуучу маршруттук унаа айып короо жайына токтотулуп, 41 500 сомго айып салынды.

“Урматтуу алыскы каттамга каттаган айдоочулар “Адам жаны-аманат”! Андыктан мыйзамсыз жүргүнчүлөрдү ташып, өзүңүздөрдүн жана жүргүнчүлөдүн өмүрүн тобокелге салбаңыздар!”,- дейт ЖКККББнын басма сөз кызматы.

 

395