7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгат

395

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

«Тарыхый окуялар» сериясындагы «Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» күмүш монетанын алдыңкы бетинде негизги элемент катары Ала-Тоону чагылдырган 100 саны, алдында ак илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн. Ал эми, арткы бетинде гүлдөрдү чагылдырган оймо-чиймелердин так ортосунда Кыргызстандын герби жайгашкан. Монетанын номиналы — 10 сом.

Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 4 820 сомдон сатылат. Аталган монета өлкөдө расмий төлөө статусуна ээ болот.

 

396