7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттор февраль айынын аягында бериле баштайт

355

Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттордун алгачкы 100 миң нускасы февраль айынын аягында даяр болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Мекемеден билдиргендей, жаңы паспорттор 30дан ашуун заманбап коопсуздук элементтери менен корголот, анын ичинде мукабасында рельефтик сүрөттөр когнитивдик басма менен колго сезилген элементтери колдонулат.

Паспорттун барактарында өлкө аймактарынын символдору — Ала-Тоо аянтындагы Тарых музейинин, Манас эстелигинин, Айгүл гүлүнүн, Таш-Рабат архитектуралык комплексинин, Ысык-Көлдүн жана башка сүрөттөр камтылган.

Ошондой эле жаңы паспортто «атасынын аты» деген сап жарандын каалоосуна жараша толтурулат:

«Социалдык тармактарда жарандар бул форматка терс мамиле жасашты, анткени бул атанын ысымы колдонулбаган өлкөлөрдө биздин жарандарды идентификациялоону татаалдаштырат. Латын тамгалары менен паспорттун ээсинин атасынын аты ушул бөлүмдө жарандын каалоосу менен гана жазылат деген чечим кабыл алынды», — деп жазылат билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

356