7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жаңы ысымдар» эл аралык студенттик театр фестивалына 10 жыл

278

15-18-апрель күндөрү Бишкек шаарында X “Жаңы ысымдар” эл аралык театр фестивалы өтөт. Аталган фестивалга быйыл 10 жыл толду. Бул эл аралык иш-чарага Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Азербайжан өлкөлөрүнүн театр адистигинде билим алып жаткан студенттери катышат.

Фестиваль жыл сайын чыгармачыл жаш театр искусствосуна тиешеси бар студенттердин – театр артисттеринин, режиссерлордун, драматургдардын, сынчылардын, сценографтардын жана көркөм окуу чеберлеринин катышуусунда жаш таланттардын сахна өнөрүндө профессионалдык жактан калыптануусуна стимул берүү жана чет элдик тектеш профилдеги окуу жайлар менен чыгармачылык тажырыйба алмашуу максатында өтүп келет.

Аталган фестивалда төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталат:

– Мыкты спектакль;
– Эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн;
– Аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн;
– Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн;
– Экинчи пландагы аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн;
– Көркөм окуу;
– Эң мыкты режиссура;
– Эң мыкты драматургия;
– Эң мыкты театр сыны;
– Чыгармачыл жаштардын устаты.

Жогорудагы номинациялар боюнча 1-2-3-орун алган жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана атайын дипломдор менен сыйланат.
Фестиваль Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети жана Кыргызстан театр ишмерлер союзу тарабынан 2016-жылдан бери уюштурулуп келет. 2022-жылдан тартып “Эл аралык” статусун алган.

 

 

279