7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

 Жайыл менен Москва райондорунда 2 күн ичинде эле 14 мас айдоочу кармалды

733

Жол кырсыктарынын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу 27-29-агуст аралыгында Чүй облусунун Жайыл жана Москва райондорунда облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын текөөчүлөр тарабынан «БАХУС» аталышындагы рейддик иш-чара өттү. Бул тууралуу Чүй ИИББдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара жол эрежелеринин одоно бузууларды, мас абалында унаа башкаргандарды аныктоого, балдардын жаракат алуусун азайтууга жана жарандардын укук бузууларына бөгөт коюуга багытталган.

Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер тарабынан 165 жол эрежесин бузуу аныкталган, анын ичинен 14 жаран унааны мас абалында башкарган, жалпысынан токтотулган унаалардын ичинен 24ү айып аянтчасына токтотулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

734