Кыргызстанда 10 модулдук вирусологиялык лаборатория курулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул калктын COVID-19га диагностикалык тесттерге жетүүсүн жакшыртат. Учурда өлкөнүн он аймагында оорулардын алдын алуу борборлорунун жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн базасында курулуш иштери жүрүп жатат.
«Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл райондорунун борборлорунда объектилердин даярдыгы 60 пайызды, Талас, Ноокат, Ноокен райондорунда жана Караколдо 20 пайызды, Жалал-Абад жана Баткенде 10 пайызды түздү», — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Лабораториялар Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында курулууда.