Бүгүн, 14-сентябрда Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү.
Ишембиликке шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, менчигинин түрүнө карабай шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.
Шаардагы эс алуу парктары, аллеялар, мекемелердин жана турак жайлардын короосу, жол жээктери, тротуар, темир-бетон арыктар тазаланды.