7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: Заманбап жабдуулар менен камсыздалган спорт комплекси ачылды (ФОТО)

713

Жалал-Абад шаарындагы Кантөрө Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттинде жаңы спорттук комплекс ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Исламбек Масабиров, шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, окуу жайдын ректору Сатыбалды Өмүрзаков, мугалимдер жана студенттер катышты.

Жалпы аянты 1,2 миӊ чарчы метрди түзгөн имарат окуу жайдын демилгеси менен курулган. Имарат спорттун бир нече түрү менен машыгууга жана таймаш өткөрүүгө ылайыкташтырылып, заманбап жабдуулар менен камсыздалган.

Мэрдин орун басары Гулбарчын Таштанбекова спорттук комплекстин ачлышы менен куттуктап, аталган жай жаштарды сергек жашоого үндөп, бош убактыларын пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзөөрүн баса белгиледи.

Эскерте кетсек, аталган окуу жайда 7 миңден ашуун студент билим алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

714