7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда 130 адамдын жүрөгүнө акысыз операция жасалат

687

Жалал-Абад шаарында 130 адамдын жүрөгүнө акысыз операция жасалат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын билдиришти.

Жалал-Абад шаарына Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын 30 дан ашуун дарыгерлер тобу келишти. Аларды шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун башкы дарыгери Калдарбек Абдраманов баштаган жетекчилер тосуп алышты.

Дарыгерлер бир жума бою Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунда 15 жаштан жогорку жүрөк оорусунан жабыркаган 130 га жакын жаранга акысыз операция жасашат.

Маалым болгондой, операция мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон жарандарга жасалат. Бул кайрымдуулук иш-чара 29-сентябрь-Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата уюштурулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

688