7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда 200 батирлүү ипотекалык турак жай курулат

579

Жалал-Абад шаарында 200 батирлүү ипотекалык турак жай куруу үчүн, муниципалдык жердеги гараждар буздурулуп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районундагы Манас көчөсүндө жайгашкан муниципалдык жердеги гараждар мэрия тарабынан буздурула баштады.

Буга чейин аталган мекеме тарабынан муниципалдык жердеги унаа токтотуучу жайлардын ээлерине жерди бошотуу тууралуу эскертүүлөр берилген. Бирок, жарандар эскертүүлөргө баш ийген эмес.

Аталган жердин жалпы аянты 1,07 гектарды түзөт. Жалал-Абад шаардык мэриясы мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте бул жайга 200 батирлүү көп кабаттуу үй курууну пландап жатат.

Белгилей кетсек, аталган жайда 277 гараж бар. Алардын ээлери гараждары муниципалдык жерде тургандыгы үчүн, ушул мезгилге чейин ижара акы төлөгөн эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

580