7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чоң Чүй каналынан киши колдуу болгон жарандын жансыз денеси табылган

401

Чоң Чүй каналынан табылган белгисиз адамдын жансыз денесинин өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

24-мартта Чоң Чүй каналынын Көлбаев көчөсүндө баш мээсинен жаракат алып, күч колдонулган белгилер байкалган болжолдуу жашы 35-40 жаштагы белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы маалым болгон.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, эркек адамдын жансыз денесинин өздүгүн аныктоо иш чаралары жүргүзүлүүдө.
Өзгөчө белгилери: бою болжол менен 170-175 см, арык денелүү, бети тегерек.

Кийген кийимдери: кызыл түстөгү свитер, ак футболка, көк түстөгү спорттук шым.

Маркумдун өздүгү такталбай жаткандыктан, кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар, төмөнкү номурлары аркылуу кайрылса болот: 0312 26-63-17, 0550 252-589, 0700 355-587.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

402