7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда 24 жаштагы келиндин таанышы сабап, муунтуп, 53 миң сомго жакын акчасын алып алган

919

Жалал-Абадда келинди өзүнө тааныш адам сабап, телефонун, 52900 сом акчасын алып алган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-июль күнүнөн 29-июль күнүнө караган түнү, саат 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Азимова көчөсүнүн тургуну аял киши 24 жаштагы Ж.К. милицияга арыз менен кайрылган. Анда көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өзүнө тааныш болгон А., аттуу эркек киши спирт ичимдигин ичип мас абалында Ж.К. колу менен денесинин ар кайсыл жерине уруп, тээп, муунтуп денесине жарат келтирип “Redmi 9 А” аталышындагы телефон жана МБанк электрондук картасынан 52900 сом акча каражатын тартып алгандыгын билдирген.

Натыйжада жабырлануучу денесинен жараат алып Жалал-Абад областык бириккен клиникалык ооруканасынын “хирургия” бөлүмүнө жаткырылган.  Бул факты боюнча Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып,  Кылмыш жаза кодексинин 206-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча иш козголгон.

Териштирүү иштердин жүрүшүндө Ж.К. денесине жараат келтирген жаран 31 жаштагы А.Х., Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну экендиги аныкталган.

Учурда А.Х., жашаган, жүргөн жерин аныктоо үчүн тийиштүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

920