7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда алгачкы ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

483

Бүгүн, 16-октябрь күнү, Жалал-Абад шаарында 639 батирден турган «Асман резиденс» ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана калаа тургундары катышты.

Курулуш Президенттин демилгеси менен жарандарды мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда.

Ипотекалык турак жайга шаардык мэрия тарабынан 1,6 гектар жер аянты ажыратылган. Курулуш аяктаса мамлекеттик кызматкерлер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, көп балалуу жалгыз бой үй-бүлөлөргө 4 пайыздан, калган тургундар 8 пайыздан үй алуу мүмкүнчүлүгү бар.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

484