7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда “Бандит” операциясы өткөрүлдү

6

Жалал-Абад ОИИБдин ыкчам кызматкерлери жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракеттеринин алдын алуу максатында, “Бандит” аталыштагы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары УКМК жана ОИИБдин каттоосунда турган жалпы 47 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү аныкталып, 13 жаран Жалал-Абад ОИИБне жеткирилип түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле УКМК тарабынан Сузак районунун 2003-ж.т. М.С. жана К уулу С аттуу 2 тургуну кармалып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) 2-пункту менен камакка алынган.

Жыйынтыгында каттоодо турган 13 жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясынан баш тартып, мыйзам талаптарын сактоого милдеттенме алышты.

7