7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда бир топ дүкөндөргө уурулукка кирген жаран кармалды

164

Жалал-Абадда бир топ дүкөндөргө уурулукка кирген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын 3 тургуну дүкөндөрүнөн түнкү убакыттарда акча жана товарларын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендиги тууралуу арыз менен кайрылышкан.

Аталган фактылар Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жалал-Абад шаарынын аймагында орун алып жаткан дүкөн уурулуктарынын бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад ОИИБдин жана Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан аталган кылмыштарга шектүү катары Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 1993-ж.т. О.Н. кармалып, тергөөгө камсыздалган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө О.Н. 2020-жылдын 11-октябрынан 4-ноябрга чейинки аралыкта Жалал-Абад шаарындагы «Корзинка», «Баяман», «Үй-бүлөлүк» кичи маркеттерине, «Чолпон», «Шириндик» аттуу дүкөндөргө түнкү саат 02:00дөн 06:00гө чейинки аралыкта уурулукка кирип жүргөндүгү белгилүү болгон. Ал алдын ала даярданып, асынма капчыгына кийим салып, жанына дайыма атайын арматура алып, беткап тагынып, кылмыш кылган жерден сигареттерди, кассада турган акчаларды ж.б. нерселерди уурдап кетип жүргөн. Ошондой эле О.Н. тергөөнүн жүрүшүндө дүкөндөргө кандай жолдор менен киргендигин жана эмнелерди алгандыгы тууралуу жеринде айтып берген. Азыркы учурда О.Н. Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 2 айга киргизилген. Тергөө амалдары уланууда», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

165