7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда үч эм жарыкка келди

644

Жалал-Абад облусунун облустук төрөт үйүндө ушул жылдын 31-март күнү үч эм жарыкка келди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булагы облустук төрөт үйүнө байланышканда билдиришкен.

 

Маалыматка ылайык, 38 жаштагы шаар тургуну бир уул жана эки кыз төрөгөн. Учурда эне жана ымыркайлардын абалы канааттандырарлык.

«Гүлнара Бүркүтова 31-март күнү үч эм төрөгөн. Биринчи кыз наристе 1 килограмм 800 грамм, экинчи эркек наристе 2 килограмм, үчүнчү кыз наристе 2 килограмм», — деп билдиришти мекемеден.

Ымыркайлардын энеси Гүлнара Бүркүтованын башка дагы бир уул, бир кызы бар. 7 айлыгында төрөлгөн үч эмге Аделине, Адилет, Аделья деген ысымдар ыйгарылды. Энесинин туруктуу жашаган жери жок, ушул тапта батирде жашарын айтат. Азырынча жергиликтүү бийлик үч эмдин үй-бүлөсүнөн кабар алыша элек.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

645