7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда чек арадан мыйзамсыз өткөн Бангладештин 11 жараны кармалды

396

Жалал-Абад облусунда Бангладештин 11 жараны чек арадан мыйзамсыз өткөн учурда кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Алар 8-июнда Өзбекстанга иштөө үчүн барышкан, бирок жумуш таппай Кыргызстандын аймагына өтүүнү чечкен. Бангладештин жарандары менен мыйзамсыз миграциялык канал уюштурган Кыргызстандын жараны Н.А.И. да кармалды. Учурда мыйзамсыз миграциялык каналды уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, 21-майда Базар-Коргон шаарында жана Сейдикум айылында Бангладештин 46 жараны кармалган. Алар миграциялык мыйзамдын талаптарын эске албай, өлкө аймагында мыйзамсыз эмгектенишкен.

Кармалган чет элдиктерге карата административдик протоколдор түзүлүп, сот органдары аларды Кыргызстандын аймагынан чыгаруу маселесин кароодо.

397