7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көпчүлүк сүйүп көргөн «Королева слёз» тасмасы. Актриса тууралуу фактылар

399

Алдыңкы рейтингдерди багынткан «Королева слёз» дорамасын кимдер гана көрбөгөн. 2024-жылда эң көп көрүүчү топтогон мыкты дорамалардын бири. Бул дораманын башкы каарманы Ким Джи Вон «Мен жеке жашоомду жумушумдан бөлгөн адаммын. Дорамада ойногондо, адамдар менин мүнөзүмө гана көңүл бурушун каалайт элем»,- деп интервьюларында айтып келет. Ким Джи Вон экранда терең тарыхый образды гана чагылдырбастан, дүйнө боюнча күйөрмандарынын жүрөгүнөн түнөк таба алган. Башкы каарман тууралуу эмнелер белгилүү? Сериал сүйүүчүлөр үчүн бул макалабызда актриса тууралуу кызыктуу фактылар менен бөлүшөбүз.

  • Ким Джи Вон 1992-жылы 19-октябрда Сеулда төрөлгөн. Андан эки жаш улуу эжеси бар. Пэкам орто мектебин аяктагандан кийин, Донгук университетинин театр жана кино факультетин бүтүргөн.
  • Социалдык тармактарда көп отурганды жактырбайт. Анын инстаграм баракчасында 13 млн катталуучусу бар.
  • Ырчы Юнханын бэк-вокалисти болгон жана 2008-жылы «Gossip Boy» аттуу ырга JessicaK деген ат менен клипке тартылган.
  • «Наследники» (2013) хит дорамасында Рейчел Йунун ролу менен таланты ачылган.
  • «Военная служба в бегах» (2012), «Со мной вот что случилось» (2014), «Потомки солнца» (2016) сыяктуу дорамалардагы ролдору менен белгилүү, мында ар кандай жанрларда да роль жараткан.

  • Актрисанын фобиясы — суудан коркуу. Эң кызыгы «Потомки солнца» тасмасын тартуу учурунда аны сууга түртүп жибергенде көзүнө жаш алган.
  • Жеке жашоосун купуя сактоону туура дейт.
  • Актриса болбосо, бала бакчада тарбиячы болмок.
  • Ар кандай фигураларды жана башка буюмдарды чогултуу хоббиси менен белгилүү.
  • Коомдук жана кайрымдуулук иш-чараларга активдүү катышып, кайрымдуулук уюмдарды жана социалдык долбоорлорду колдоп келет. Дүйнөлүк бренддерге модель болуп, өзгөчө стили менен белгилүү.

Өзүнүн актёрдук чеберчилигинин жана харизмасынын аркасында Түштүк Кореядан тышкары дүйнө жүзүнө таанылып келет.

400