7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысын кабыл алды

308

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда өлкөгө расмий сапар менен келген Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассисти кабыл алды.

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы кызматташтыктын кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болуп, анын ичинде саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу күн тартиби, региондор аралык кызматташтык, Швейцариянын Кыргызстандагы долбоордук ишмердүүлүгү, туризмди жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы дипломатиялык мамилелер орногондон бери эки өлкө ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты канааттануу менен белгиледи. Президент 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард АКШ долларынан ашкандыгын айтып, бул көрсөткүчтү мындан ары жогорулатуунун үстүндө биргеликте жигердүү иш алып баруу зарылдыгы боюнча пикирин билдирди.

Биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу контекстинде Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча ишкананы, ошондой эле Швейцария 20 миллион швейцариялык франктан ашык салым кошкон Ат-Башы ГЭСинин реконструкцияланышын айтып өттү.

Садыр Жапаров ошондой эле банк жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты бекемдөөнү, тоо күн тартибин алдыга жылдырууну сунуштады. Өз кезегинде Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын олуттуу потенциалын белгиледи.

Ал Швейцария өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин спектри боюнча өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

309