7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда эгиз балалуу болгон милиция кызматкерине акчалай белек тапшырылды

572

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы эгиз балалуу болгон кызматкерге акчалай белек жана ыраазычылык кат тапшырды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

21-августта Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Абитов эгиз балалуу болгон  милициянын кайгуул күзөт кызматынын  өзүнчө ротасынын милиционери милициянын кенже сержанты Орманали Асановду куттуктады.

Жеӊишбек Абитов эгиз балалуу болгон кызматкерге Жалал-Абад ОИИБдин МКККнын өздүк курамынын атынан 20 000 сом тапшырды. Ошондой эле кызматтык милдетине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы үчүн Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын ыраазычылык каты ыйгарылды. Мындан сырткары Орманали Асановдун юридикалык жогорку билими болгондугуна байланыштуу офицердик курамда иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бар экендиги айтылып, документтерин даярдоо тапшырмасы коюлду.

30 жаштагы милициянын кенже сержанты Орманали Асанов ички иштер органдарында 2021-жылдан тартып кызмат өтөп келет. 31-июлда жубайы эгиз (1 уул, 1 кыз) төрөгөн. Учурда ал 3 баланын атасы.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

573