7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда ишкерге кысым көрсөткөн УКМКнын жалган кызматкери кармалды

382

УКМК тарабынан 20 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу учурунда Жалал-Абад шаардык суу чарба ишканасынын адиси кармалды.

Аталган жаран УКМК кызматкери катары өзүн тааныштырып, жеке ишкерге кысым көрсөтүп, Жалал-Абад шаарындагы акча алмаштыруу жайында аныкталган мыйзам бузуулар үчүн системалуу түрдө опузалап акча талап кылган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы облустун тургундарын кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуу фактылары боюнча маалыматы болсо төмөнкү байланыш номуру аркылуу билдирүүгө чакырат: (WhatsApp – 0995 012210).

383