Бангкок (Таиланд) шаарында өтүп жаткан 2024-жылкы футзал боюнча Азия Кубогунда тайпалык этаптын жыйынтыктоочу — үчүнчү туру орун алды.
Кыргызстандын футзал боюнча Улуттук курамасы турнирдеги үчүнчү беттешин бүгүн, 22-апрелде «Хаумарк» стадионунда Түштүк Кореяга каршы өткөрдү.
Эске салсак, курамабыз Жапония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен «С» тайпасында жайгашкан.
Беттеш 5:5 эсеп саны менен тең чыгуу менен аяктады. Голдордун авторлору: Донер Аманбаев (4′), Кубанычов Кайрат (15′, 27′), Махмадаминов Шохрух (28′), Самат Джанат уулу (29′).
Ошентип, курамабыз азиялык биринчиликтин «С» тайпасында 5 упайга ээ болуп, турнирдин чейрек финалына чыкты. 1/4 финалынын оюну 24-апрелде өтөт, андагы потенциалдуу атаандаштар Кувейт жана Иран курамалары.